Айлык акы жогорулаган

12-Дек. 2017, Шейшемби, 14:41

Өткөн 10 айдын жыйынтыгы менен өлкөдө орточо айлык акы 14 миң 868 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, орточо айлык акы өткөн жылга салыштырмалуу 6,9 пайызга өскөн. Өткөн жылы орточо айлык акы 13 миң 915 сом болгон. 2016-жылы айлык 8,9 пайызга жогорулаган. Ал эми айлык акынын өсүүсү инфляцияны эске алганда 3,8 пайызды түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!