Өзбекстандын пансионаттары кайра кайтарылат

13-Дек. 2017, Шаршемби, 11:58

Кыргызстан Өзбекстанга Ысык-Көлдөгү пансионаттарды кайтарып берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында Өзбекстан тарап пансионаттар тууралуу Кыргызстандын сунушуна макул болду. Макулдашууга жакында кол коюлат. Эгер макулдашууга кол коюлса, ортодогу талаш-тартыш токтойт жана арбитраждык сотко байланыштуу көйгөй жоюлат. Бул боюнча келишимге кол коюлат деген ишеним бар.

Жаңы келишимге ылайык Кыргызстан Өзбекстанга Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионатын кайтарып берет. Жер Кыргызстандын менчиги бойдон калат. Ал эми өзбек ишкерлери мүлккө укугун мыйзамдаштыргандан кийин, пансионаттарды 3-4 жылдызга жеткирип, жыл бою иштетиши керек болот. Андан кийин эки тарап тынчтык келишим түзүп, сот токтотулат.

Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөрү келишимди колдошту.

Эске салсак, 2016-жылы апрель айында өкмөт башчы Темир Сариевдин чечими менен өлкө аймагындагы Өзбекстанга таандык делген “Алтын кум”, “Рохат НБУ”, “Дилором” жана “Бостон” пансионаттары Кыргызстандын юридикциясына өткөн. Өзбекстан пансионаттарды кайтарууну талап кылып эл аралык сотко кайрылган. Доо арыз азыр АКШнын сотунда каралган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!