Өзбекстанга шире экспорттолот

14-Дек. 2017, Бейшемби, 15:43

Кыргызстандык шире суусундугун чыгаруучу компания Өзбекстанга 2,2 млн. долларга шире суусундугун жеткирүү боюнча келишим түздү. Бул тууралуу Инвестиция тартуу жана коргоо боюнча агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын “Ricomel Beverages” компаниясы менен 1,1 млн. долларга жана “Marwin Brands” компаниясы менен 1,1 млн. долларга келишим түзүлгөн. Эки келишимде тең товарды жеткирүү, товарды маркировкалоо эрежеси жана күтүлбөгөн кырдаалдардын пайда болуусундагы тартиптери каралган. Эки тараптан кандайдыр бир талаш маселе жаралса Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасындагы эларалык коммерсиялык арбитраждык сотунда каралат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!