Келерки жылы мунай пошлинасыз келет

15-Дек. 2017, Жума, 13:52

2018-жылы Россия Кыргызстанга 1 млн. тоннанын тегерегинде мунай жана мунай продукциясын пошлинасыз берүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргыз-россия аймактар аралык алтынчы жыйындын жүрүшүндө Россиянын өкмөт жетекчисинин орун басары Аркадий Дворкович билдирди.

Анын айтымына караганда, мунайды пошлинасыз алып келүү боюнча келишим бар. Бирок өнөктөштөрдүн кошумча билдирүүлөрү бар. Бул боюнча жакынкы күндөрү тагыраак маалымат берилет. Болжолу 1 млн. тонна. Учурда тактоолор жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!