​Мамлекеттик мүлктөр толук инвентаризацияланды

19-Дек. 2017, Шейшемби, 11:08

Кыргызстандын мамлекеттик мүлкүн инвентаризациялоо иши 100 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик мүлктү каттоонун автоматташкан бирдиктүү маалымат тутуму даярдалды. Инвентаризациялоо иштеринин жыйынтыгы менен 65 мамлекеттик орган жана аларга караштуу 1 миң 862 түзүмдүк бөлүнүштөр фонддун бирдиктүү тизмесине киргизилди. Коомчулук онлайн түрүндө мамлекеттик мүлктөр тууралуу маалымат ала алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!