Улуттук банкты кайрадан Абдыгулов жетектейт

19-Дек. 2017, Шейшемби, 15:42

Улуттук банктын төрагалыгына Толкунбек Абыгуловдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жактырды.

Абыгулов 2017-жылдын августунан ноябрга чейин биринчи вице-премьер-министр, ал эми ноябрь айынан тарта вице-премьер-министр болуп келди.

Эскерте кетсек, Абдыгулов 2014-жылдан 2017-жылдын августуна чейин Улуттук банкты башкарып келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!