​Дүйнөдөгү байлык 6,4 пайызга көбөйдү

22-Дек. 2017, Жума, 13:48

Учурда дүйнөдөгү жалпы байлыктын көлөмү 280 триллион долларды камтыйт. Бул тууралуу “Credit Suisse Research” институту билдирди.

“Global Wealth Report” институтунун изилдөөсүнө караганда, 2008-жылдагы дүйнөлүк экономикалык кризистен кийинки он жыл аралыгында, дүйнөдөгү байлыктын көлөмү 30 пайызга көбөйдү. Анын көлөмү акыркы 12 ай ичинде эле 6,4 пайызга өскөн. Байлыкты дүйнөдөгү адамдын башына бөлгөндө, ар бар кишиге 56 миң 540 доллардан тиет.

Изилдөөдөгө ылайык, дүйнөдөгү байлык континенттерге бөлүп караганда эң көп байлыкка Түндүк Америка континенти 101 трлн. долларлык байлыкка ээ. Экинчи саптагы 79,6 трлн. доллар Европанын эсебине кирет. Азия-Тынч океаны аймагында 55 трлн. доллар. Ал эми Латын Америкасында 7,5 трлн. доллар жана Африкада 2,5 трлн. доллар акча айланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!