​Кыргызстан “Forbes” журналынын рейтингинде

23-Дек. 2017, Ишемби, 12:56

Американын каржы-экономикалык “Forbes” журналынын 2018-жылда ишкерлик кылуу боюнча мыкты өлкөлөрдүн рейтингин чыгарган, анда Кыргызстан 123-орунга жазылды.

Аталган журналдын эксперттери 153 өлкөдөгү кырдаалды 15 негизги критерий менен караган. Алар: менчик укугун коргоо, инновацияны киргизүү деңгэли, салык төлөмдөрү, технология, коррупциянын деңгэли, бюрократия, инвестордун коопсуздук деңгэли жана башка критерийлер.

Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан лидерлик кылып 65-орунда, Өзбекстан 99-орун, Тажикстан 108-орунда жайгашкан. Ал эми аталган аймакта ишкерлик кылуу шарты эң төмөн болгон өлкө катары Кыргызстан аталган.

“Кыргызстан өзүнүн экспорттук базасын кеңейтүү үчүн четтен инвестиция тартууга аркеттенип жатат, бирок өлкөдөгү инвестициялык климаттын оордугу жана өлкөдөгү ири кенди иштетүүчү компания менен соттук териштирүүлөрдүн болуп жатышы инвесторлорду иренжитип жатат”,-деп түшүндүрүлгөн аталган журналдын билдирүүсүндө.

Аталган тизменин сап башында Улуу британия, Жаңы зеландия,Нидерландия, Швеция жана Канада өлкөлөрү жайгашкан. Ал эми Ливия, Афганистан, Гаити, Гамбия жана Чад өлкөлөрү рейтингддин аягында калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!