2018-жылы Кыргызстанга үч унаа заводу курулат

26-Дек. 2017, Шейшемби, 10:08

Өзбекстан 2018-жылдан баштап Кыргызстандын Бишкек, Ош жана Кара-Балта шаарларына унаа заводдорун курат. Бул тууралуу «General Motors Uzbekstan» акционердик коомунун өкүлү Жахонгир Тиллаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда курулуучу заводдордон “Ravon” жеңил унаасын жана “Isuzu” автобусун чыгарууну пландап жатат. Ишканаларды ачууга тартылган инвестициянын көлөмү 5 млн. 180 миң долларды түзөт.

Бишкек шаарында баасы 38 миңден 77 миң долларга чейинки Isuzu автобустар, Ош шаарында Ravon унаалары чыгарылат. Ал эми Кара-Балтада айыл чарба шаймандарын чогултулат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!