​“Майлуу-Суу лампа заводу” продукциясын экспорттойт

27-Дек. 2017, Шаршемби, 09:33

Жалал-Абад облусундагы “Майлуу-Суу лампа заводу” жылына болжол менен 300 млн. электр лампасы чыгарт. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарындагы аталган заводдун иши менен таанышуу учурунда белгилүү болгондугун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы С.Исаков ишкананын өндүрүш цехтерин, ошондой эле анда өндүрүлүп жаткан продукцияны көрүп чыкты. Өкмөт башчы ишкананын учурдагы көйгөйлөрүн чечүү үчүн жакын арада тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда жумушчу кемешме өтөөрүн билдирди.

Ишкананын техникалык директору Мурзажан Токтабаевдин айтымында, ишканада 2000 ашуун адам эмгектенет. Заводдо жылына болжол менен 300 млн. электр лампасы чыгарылып, көпчүлүк бөлүгү экспортко жөнөтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!