​Электр энергиясын иштеп чыгуу жогорулаган

27-Дек. 2017, Шаршемби, 15:33

Үстүбүздөгү жылы өлкөдө электр энергиясын иштеп чыгаруу өткөн жылга салыштырмалуу 25 пайызга жогорулады. Бул тууралуу маалымат жыйында “Улуттук энергетика холдинги” ААКнын төрагасы Айбек Калиев билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдын башынан бери 13,3 млрд. кВт саат электр энергиясы иштелип чыкты. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 2,671 млрд. кВт саатка көп. Иштелип чыккан электр энергиясынын 92 пайызын ГЭСтер иштеп чыкса, калган бөлүгү Жылуулук борборунда өндүрүлгөн.

Эскерте кетсек, 2023-жылга чейин Кыргызстандын энерго ситемасынын кубаттуулугун 525 мВтга жеткирүү пандалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!