Он жыл иштебей турган комбинат жанданат

15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 13:22

Айдаркен сымап комбинаты кайра ишке кирип, 200 адам жумуш менен камсыз болду. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкмөттүн өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, жарым жылга жакын убакта 660 метр тереңдиктеги шахтанын суусу сордурулуп, сырье өндүрүүгө толук шарт түзүлдү. Жакынкы күндөрү кен казуу жумуштары башталат, жумушчулардын саны көбөйөт.

Маалым болгондой, Айдаркен сымап комбинатынын шахтасын суу каптап калгандыктан 10 жылдан бери иштебей турган. 2017-жылдын июль айында комбинаттын жетекчилиги Ата Мекендик Северстайл компаниясы менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюп, иш башталган.

Учурда шахтадан чыгарылган суу, жакынкы айылдарга сугат үчүн пайдаланууга берилүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!