Кыргызстандын карызын кечишти

20-Янв. 2018, Ишемби, 13:07

Россиянын мамлекеттик Думасы 19-январда Кыргызстандын Россияга болгон карызын кечүү боюнча макулдашуунун протоколун ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу Россия парламентинин расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, аталган протоколго ылайык, Кыргызстандын өнүгүшүнө расмий жардам берүү демилгесинин алкагында өлкөнүн Россияга болгон карызы толук түрдө жоюлат. 240 млн. доллар карызы жоюлса Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6,5 пайызга азаймакчы.

Кыргызстандын карызын жоюуда Россиянын федералдык бюджетине эч кандай оорчулук келтирилбейт. Анткени 2016-жылдын 16-мартындагы Макулдашууга ылайык, карызды кечүүдөн Орусиянын бюджетине кандайдыр бир төлөмдөрдү өндүрүү каралган эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!