2017-жылы ​Кыргызстан канча алтын сатты

20-Янв. 2018, Ишемби, 15:27

2017-жылы Кыргызстан 27 тонна алтын жана күмүш экспорттогон. Бул тууралуу Каржы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жылы Кыргызстан 19 тонна 853,1 килограмм алтын жана 17 тонна 57, 2 килограмм күмүш экспорттогон.

Эскерте кетсек, Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, экспорттолгон алтындын негизги бөлүгү Швейцарияга жөнөтүлөт. Өткөн жылдын 10 айында 498 млн. долларлык алтын экспорттолсо, анын 470 млн. долларга жакынын Швейцария сатып алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!