​Февралда майдын баасы кымбаттайт

6-Фев. 2018, Шейшемби, 15:48

Февраль айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 4-6 пайызга кымбаттайт Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Маалыматка караганда, буга өткөн жылдын соңунан бери күйүүчү майга дүң баанын өсүп жатканы себеп болууда.

2018-жылдын январь айында дүйнөлүк рынокто майдын баасы акыркы үч жыл ичиндеги эң жогорку чекке жетти же баррели 69 доллардан жогору болду. Ошондой эле Россияда өндүрүлгөн күйүүчү майларга Өзбекстан менен Казакстан тараптан суроо-талап күчөдү. Акыркы айда Россияда бензиндин дүң баасы 3-5 пайыз, дизель майыныкы жети пайызга өстү. Мындан улам Кыргызстанда февралда да орточо эсеп менен майдын баасы 4-6 пайызга кымбаттайт.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бензин - 0,8 сомго же 2 пайызга, дизель майы 2 сомго же 5 пайызга жогорулаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!