Көмүскө экономика 37,92 пайызды түздү

12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 16:39

Кыргызстандын көмүскө экономикасынын акыркы 25 жылдагы орточо өлчөмү жалпы дүң өнүмдүн 37,92 пайызын түздү. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондусунун “Бүткүл дүйнөдөгү көмүскө экономика: Биз 20 жылда эмнеге үйрөнө алдык” деп аталган изилдөөсүндө жарыяланган.

Маалыматка караганда, Эл аралык валюта фондунун изилдөөсүндө көмүскө экономикасы эң аз мамлекеттер катары ички дүң өнүмдүн 8,9 пайыз менен Австрия жана 7,2 пайыз менен Швейцария киргизилген.

Ал эми Кыргызстан көмүскө экономиканын көлөмү ички дүң өнүмдүн 20 -30 пайызды түзгөн экинчи категориядагы өлкөлөрдүн катарына киргизилген.

Көмүскө экономикасынын үлүшү өтө жогору өлкөлөр катары 60,6 пайыз менен Зимбабве жана 62,3 пайыз көрсөткүч менен Боливия аталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!