​Январда 7,6 млрд. сом салык жыйналды

20-Фев. 2018, Шейшемби, 16:22

Үстүбүздөгү жылдын январь айында бюджеттин жалпы кирешеси 8 млрд. 801,5 млн сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, январда план 122,6 пайызга аткарылган. Жалпы кирешенин ичинен салыктан 7 млрд. 659,9 млн. сом түшкөн. Ал эми салык эмес тшүүнүн көлөмү 1 млрд. 141.6 млн. сомду камтыган.

Өткөн жылы ушул айда салыктан 6 млрд. 256,9 млн. сом түшкөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!