​Кыргызстанда текстиль экспорту өстү

21-Фев. 2018, Шаршемби, 13:34

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө болгондон бери текстиль өнөр жайынын өсүшү байкалган. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин коллегиялык жыйынында айтылды.

Маалыматка караганда, 2017-жылы Кыргызстандын тигүүчүлөрү 138 млн. долларлык продукцияны экспорттошту. Бул тармактагы экспорттун өсүшү 190 пайызды түздү. Ал эми текстиль тармагынын экспорттун көлөмү 221,5 млн. долларды түзүп, 11 пайызга өскөн. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон бери текстиль өнөр жайынын өсүшү байкалган. Кыргызстан 80 пайыз текстиль продукцияларын Россия менен Казакстанга экспорттойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!