Электр энергиясын өндүрүү өскөн

21-Фев. 2018, Шаршемби, 16:47

2018-жылдын башынан бери электр энергиясын экпорттоонун көлөмү 1143 млн кВт саатты түздү. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жыйынында аталган комитеттин төрага орун басары Каныбек Оморов билдирди.

Анын айтымында Электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмү 15,2 млрд кВт саат болду, бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу 18 пайызга көп.

Буга электр энергиясын колдонуу жана экспорттоонун көлөмү чоң болгону себеп болгон. Ал эми Өзбекстанга сатылган электр энергиясынын көлөмү 1143 млн. кВт саатты түздү. Март айынын аягына чейин 550 млн. кВт саат электр энергиясын сатуу пландалууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!