​Россиядан Кыргызстанга 2,21 млрд. доллар которулган

22-Март 2018, Бейшемби, 10:15

Россиядагы кыргызстандык мигранттар 2017-жылы өлкөгө 2,21 млрд. доллар которгон. Бул тууралуу Россиянын Борбордук банкы билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылы Кыргызстандык мигранттар которгон акча 2016-жылга салыштырмалуу 27 пайызга, 2013-жылга салыштырмалуу 5 пайызга жогору. Өзбекстанга бир жылда 3,9 млрд. доллар же 2016-жылга караганда 42 пайызга көп каражат которулган болсо, ал эми тажикстандык мигранттар 2,54 млрд. которгон.

2014-жылдан берки экономикадагы кризистик көрүнүштөргө жана рублдин курсунун түшүүсүнө байланыштуу Россиядан эмгек мигранттарынын акча которууларынын көлөмү кыскарган.

Эскерте кетсек, расмий маалымат боюнча Россияда 640 миң кыргызстандык жаран эмгектенет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!