Кичинекей балдарга катыштуу кеңештер

19-Апр. 2018, Бейшемби, 15:06

1. Баланы өтө жумшак төшөккө жаткырбаңыз. Сөөгү ката элек болгондуктан, денеси кыйшайып калуусу мүмкүн. Бир аз катураак, килемдин үстүнө жатып калса эч нерсе болбойт. Эң башкысы сыз өтпөсө болду, анын пайдасы көп.

2. Баланы «карышкыр келтат», «мас жүрөт» деген сыяктуу сөздөр менен коркутуп уктатуудан алыс болуңуз. Чочуп ойгонуусу менен бирге, жашоосунда да коркок болуп калышы мүмкүн.

3. Баланы көмкөрөсүнөн жаткырып уктатып адатка айлантпаңыз. Жумшак омуртка сөөктөрү ийилип, дем алуусу тарыла баштайт. Ички организмине да зыян келиши мүмкүн.

4. Башын жаап уктаган балдар да кездешет экен. Бул да жаман адат жана оозун жаап уктаганы эң жакшы.

5. Баланын тырмагын, карандашты тиштей бериши жаман адаттардын катарына кирет. Андай адаттардан акырындан алыстатыңыз. Мунун тазалыкка жана ден соолукка зыяны далилденген.

6. Тузу аз тамак жедирүүгө көндүрүңүз. Ошондо бөйрөк, жүрөк жакшы иштейт.

7. Убактысында даратканага барып туруусун айтып туруңуз. Андан кийин сөзсүз колун жууганын көзөмөлгө алыңыз.

8. Мурдун, кулагын чукулаганга тыю салыңыз. Кулак оорусу, мурундан кан агуу көбүнчө ушул жаман адаттардан башталат экен.

9. Кечинде жумуштан келген ата-энеси жана башкалар менен саламдашпаган башкаларды теңине албаган, өзүн өйдө санаган адамдардын деңгээлине жетелейт. Салам берип, ал абалды сурап учурашууга үйрөтүңүз. Өзүңүз салам берип кириңиз. Балаңыз да алдыңыздан учурашып чыккандай болсун.

10. Сыналгыны кырынан, чалкалап жатып көрүү адатынан, ушул абалда тамак жегенден арылтууга аракет кылыңыз. Түз отурганга көнгөнү оң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!