Балдарга байланышкан ырымдар

25-Апр. 2018, Шаршемби, 10:31

Биздин жашоонун бардык чөйрөсүндө, анын ичинде кош бойлуу аялдар жана балдар тууралуу көптөгөн ырымдар бар. Алардын көпчүлүгү таң калычтуу жана күлкү келтирээрлик болсо, айрымдары маанилүүдөй туюлат. Аларды заманбап илимдин көз карашы менен байланыштырууга болобу? Бул ырымдарды сактоо керекпи? Аны өзүңүз чечиңиз, урматтуу айым!

Кош бойлуулукта

Кош бойлуу кезинде аял чачын кыркса, бала маалына жетпей төрөлүп калат. ("Баланын өмүрү кыска болуп калат" деген да ишеним бар).

Кош бойлуу аялга түймө түйүп, жип токуганга болбойт, баланын киндиги байланып калат.

Боюнда бар аял шыпыргыны аттабаш керек - төрөө кыйын болот.

Аял толготуп жатканда анын үйүндөгүлөр болгон нерсенин баарын: эшикти, терезени, шкафтардын эшигин, атүгүл мискейлердин капкактарын ачып коюшса, төрөт жеңил болот.

Кош бойлуулар коркунучтуу нерселерди көрбөш керек - баланын өңү серт болуп калат.

Кош бойлуу аял өлгөнгө барса, сөөк чыга электе кайра кетип калыш керек. Болбосо баласы өлүп калат.

Эгерде кош бойлуу аялдын бети толуп кетсе, ал кыз төрөйт, тескерисинче, бети арыктап кетсе, анда эркек төрөйт.

Эгерде кош бойлуу аял шайыр, сергек болуп, жүзүнөн нуру төгүлүп турса эркек, тескерисинче болсо, кыз төрөлөт.

Аял кош бойлуу кезинде балык жегиси келсе эркек, кызылча же түрп жегиси келсе кыз төрөлөт.

Кош бойлуу аял көзүн албай сууну көп караса, баласынын көзү чалыр болуп калат.

Кош бойлуу аялга итти аттап өтүүгө же ага түкүрүүгө болбойт, болбосо баласынын бели ооруйт.

Баланын төрөлүшүндө

Эгерде бала түндө төрөлсө, бактылуу жана бай болот.

Айдын биринчи числосунда же ай жаңырганда төрөлгөн бала бактылуу жана узун өмүрлүү болот.

Аялдын төрөтүн жеңилдетүү үчүн анын үйүндөгү кыз кишилер, өзгөчө толгоо тартып жаткан аялдын жанында жүргөн айым чачын жайып салуу керек.

Бала төрөлгөн күнү карыптарга садага берүүгө болбойт, болбосо бала чоңойгондо кедей болуп калат.

Түндөсү төрөлгөн бала картайганда түндөсү өлөт.

Балдар тууралуу

Эгерде ойноп отурган же жерде жаткан баладан бирөө аттап өтсө, баланын бою өспөй калат.

Баланын таманынан өпсө, ал көпкө чейин баспайт.

Баланы кечинде чоң адам башынан өйдө көтөрсө, бала түнү уктай албай кыйналат.

Баланын тили "ата" деп чыкса, артынан уул келет, "апа" деп чыкса, кыз келет.

Кичинекей баланы күзгүгө көп көрсөтсө, бала коркок болуп калат.

Эгерде бала ооруп калса, анын кийимин даракка илип коюу керек, ошондо дарак соолуп калат, а бала оорудан айыгат.

Бала уктап жатканда көп карабаш керек, болбосо коркок болуп калат.

Ымыркайдын моюнунан өбүүгө болбойт - тиши көпкө чейин чыкпай коет.

Таманынан да өбүүгө болбойт - кеч басат.

Баланын уйкусу начар болгондо аны кечки тамактан кийин кашыктарды чайкаган сууга киринтишет да, энеси үйдө кийип жүргөн халатынын ички бети менен аарчыйт.

Баланы киринткен сууга кир жууганга болбойт, болбосо бала ооруп калат.

Баланы жума жана жекшемби күндөрү киринтүүгө болбойт.

Баланы биринчи жолу киринткен сууга күмүш таштап койсо, бала чоңойгондо бай болот.

Куру бешикти терметүүгө болбойт - баланын өмүрү кыска болот же жакшы уктабайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!