Балага математиканы түшүндүрүү жолдору

4-Сен. 2017, Дүйшөмбү

Математиканы үйрөтүнүн эң жеңил ыкмаларын сунуштайбыз.

Үстөлдөгү таттуулар

Мындай математика ар бир балага жагат. Алдын ала бир нече дөңгөлөк менен канча дөңгөлөк салынганы жазылган барак даярдап коюңуз. Татууларды балага жаккан тамактар менен алмаштырууга болот.

Көңүлдүү кыскычтар

Апаң кыскыч менен кийим илип жатабы? Жок, ал бүгүн түрлүү-түстүү кыскычтарды башка максатта алып келди. Балмуздак таякчаларына өлчөмү ар түрлүү алмаларды салыңыз, ал эми кыскычтарга сандарды жазыңыз. Балага таякча менен кыскычтардагы шайкеш өлчөм менен санды табуу кызык болот.

Зефирлүү математика

Бул ыкма бардык таттуу сүйүүчүлөрүнө жагат деген ойдобуз. Кагаздан чоң кесе кесип алыңыз да, оюн ташында канча сан түшсө, ошончо зефирди кесеге салыңыз.

Музыкалык тыныгуу

Ар бир клавишага так бир сан белгилеңиз да (стикерлерди пайдалансаңыз болот), балаңызга мисалы 10 санын түзүүнү сунуштаңыз.

Өз бакчабызды өстүрөлү

Өз бакчаңды өстүрүү үчүн бизге кажетсиз помпондор жардам берет. ошону менен катар жөнөкөй губкадан жасалган, түрлүү түскө боёлгон тегерекчелерди да пайдаланууга болот. Ал эми кышында бул помпондор менен балатыны кооздоого жарайт.

Азбы, көппү?

Мектепте «азбы, көппү» деп кимдер гана башын катырган жок? Көңүлдүү крокодил балага ушуну тушүндүрүүгө жардам берет.

Кар киши

Кар кишинин баш кийимин алмаштырган сайын, балага жаңы кафтан кийгизүү керек болот. Оюнга баарын даярдоо үчүн бир аз убараланууга керек болот жана узаак убакытка чыдайт.

Алма бөлүктөрү

Бөлүктөрдү үйрөнүүдө алмадан артык устат жок! Алма төрттөн бирге жакшы бөлүнөт, ал эми кийин академиялык жетиштиктер үчүн аны жеп коюуга да болот.

Бөлчөктөр + саат

Бөлчөк / сааттарды үйрөнүп алганы менен экинчи бөлүгүндө чаташып калгандар үчүн. Саатты мисалы кылып отуруп, бөлчөктөрдү түшүндүрүү да оңой.

Секирүү

Сандар менен танышуунун дагы бир ыкмасы. Полго изолента менен чоң сандарды жазыңыз, ал эми каридор бала үчүн арена болсун. Тажрыйбалуу окуучулар үчүн тапшырманы кыйндатууга болот: арифметикалык мисалдарды келтирип, жообу сөз эмес, секирүү саны болсун. Көңүлдүү болоору сөзсүз!

Бонус: саатты үйрөнөбүз

Мындай интерактивдүү сааттар балага саат менен убакытты үйрөнүүгө жардам берет, ал эми кагазды жылмыштыруу аркылуу билимин текшерип көрүүгө болот. Мындай саатты жасаганда, саат менен мүнөт түстөрү, саатын тилдери менен шайкеш болуусуна көңүл буруңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!