Балага туура мамиле жасоонун эрежелери

6-Сен. 2017, Шаршемби

Бардык эле эненин үйдө бала менен калууга мүмкүнчүлүгү жок. Шартка жараша иштегенге туура келет. Иштеген ата-энелерге психологдор бир нече эрежелерди сактоосун сунуш кылышат.

1-эреже. Үйүңүзгө ачка келбеңиз

Ачкалыктан адамдын кыжырдануусу күчөп, чыдамы жок болуп кетет. А түгүл кээде баш оору башталат. Ушундай абалда үйгө келгениңизде алдыңыздан тосуп чыккан балаңызга катуу сүйлөп алып же талаптагыдай көңүл бура албай калышыңыз мүмкүн. Андыктан, жумуштан чыгаарда бир чыны чай ичип же йогурт жеп алганга убакыт табыңыз.

2-эреже. Өтө чарчооңузга жол бербеңиз

Организмге физикалык жана психологиялык жактан ашыкча күч келүүдөн адам болор-болбос нерсеге кыжырдана бере турган болуп калат. Сизге көп жумуш жүктөп коюшканы үчүн бала күнөөлүү эмес. Андыктан, үйдүн босогосун аттаарда чоңдорго тиешелүү болгон бардык маселелериңизди сыртка таштап келиңиз.

3-эреже. Үйгө келгенде жумуш тууралуу сүйлөбөңүз

Сиздин жумушуңуз тууралуу көп уккан бала "апама мага караганда жумушу маанилүү, ал мени эмес, жумушун сүйөт" деп ойлоп калышы мүмкүн.

4-эреже. Балаңызга сылык болуңуз

Эгерде сиз ашканада тамак жасоо же дагы башка үй жумуштары менен алек болуп жүргөндө балаңыз келсе, аны түртпөңүз. Бала - бул адам. А кечки тамак менен жумуш токтоп турса эч нерсе болбойт.

5-эреже. Жумуш - болгону үй-бүлөнү камсыздоочу каражат

Эгер сиз үчүн жашоонун маңызы жумуш болсо, анда балалуу болуунун кереги жок. Мындай үй-бүлөдөгү балдар бактысыз деп эсептелинишет. Ошондой эле алар эртерээк чоңоюну каалашат.

6-эреже. Уга билиңиз

Көпчүлүк ата-энелер баланын сөзүн маанисиз деп эсептешип, көңүл бурушпайт. Чындыгында баланын ар бир сөзү, жасаган иштери, кылык-жоругу сиздики сыяктуу эле маанилүү. Эгер сиз балаңыздын сөздөрүн тоотпой же күлкүгө айлантсаңыз, сиз менен баланын ортосунда эч кандай ишеним болбойт. Баланын кылык-жоругуна баа бербеңиз, аны түшүнүүгө аракет кылыңыз.

7-эреже. Балаңыз менен кеңешиңиз

Сиз жумушта эмне менен алек болооруңуз балаңыз үчүн кызык. Ага өзүңүздүн ойлоруңузду айтып, андан кеңеш сураңыз. Баланы чоңдордун ишине аралашуу үчүн чоңое элек деп ойлобоңуз. Ооба, ал көп нерсени түшүнбөшү мүмкүн, бирок, эмоцияны эң жакшы сезет. Сиз балаңыз менен кеңешүү аркылуу анын өз көз карашын айта билүү жөндөмдүүлүгүн калыптандырасыз, жакын адамдардын ортосунда ачыктык жана ишеним болоорун көрсөтөсүз.

8-эреже

Балаңыз материалдык жактан сизден көз каранды экендигин ага эскертпеңиз. Бул баланы кемсинтип коет. Муну менен балада "мен ата-энеме ашыкча экенмин, мен аларга карызмын" деген ой пайда болушу мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!