Наристенин организми туура өсүп-жетилүүсү үчүн массаждын алган орду өзгөчө. Адистер балдарга 2-3 айлыгынан баштап массаж жасоого кеңеш беришет. 1,5-3 айлык балага шартсыз рефлекске негизделген көнүгүү жасоо керек. Балага гимнастика жасаганда кыймылынын тууралуулугуна көңүл бөлүү кажет.
Аларга колданулучу массаждын негизги түрү – денесин сылап-сыйпоо, ушалоо.
3-4 айлык кезинде колу-бутун көп чоюп созууга болбойт. Себеби булчуң эттери созулуп, мууну чыгып кетүүсү мүмкүн.
3-6 айлык баланын буту-колун кайчылаштырып, булчуң эттерин абайлап созуп, манжаларын акырын кыйымылдатуу керек.
6-10 айлыгында баланын эмгектенгенине көңүл буруу зарыл. Эмгектөө баланын денесинин булчуң эти менен буту-колунун бекем болуусуна мүмкүндүк берет. Ушул кезде көнүгүү жасаганда бала менен мүмкүн болушунча көп сүйлөшүүгө аракет кылган он. Адистердин көрсөтмөсү боюнча, бала кээ бир көнүгүүлөрдү өзү жасайт, ошону менен катар бул бала тилинин чыгуусуна жардам берет.
10-14 айлыгында бутка түз тургузуп, колунан кармап тай-тайлап жетелеп, денесин кыймылдатып, түздөп, бир нерсеге чыгарып, түшүрүп жана башка ушу сыяктуу көнүгүүлөрдү киргизүүгө болот.
Массаж, гимнастика жасоочу бөлмөлөрдүн жакшылап желдетүү, аба 20°С температурасынан төмөн болбошу абзел. Жаз айларында бардык процедураны эшикте, көлөкө жерде 20-22°С температурада жасоо керек.
Массажды бийиктиги 70 сантиметрге жеткен столго бир нече кабат жер төшөк же болбосо жалаяк салып жасаган ыңгайлуу. Көнүгүүнү тамактанганга чейин 30 мүнөт калганда же болбосо тамактангандан кийин 1-1,5 сааттан кийин белгилүү бир убакта жасалат. Ар бир көнүгүүдө же массаж жасоодо 2-6 жолу кайталанат. Көнүгүү убактысы 10-12 мүнөттөн ашпашы тийиш.