Кызды тарбиялоодогу эненин ролу

27-Март 2018, Шейшемби, 11:00

Жакшы кыз өстүрүү ага асыл тарбия берүү, эң биринчи эненин колунда. Кыз баланын тарбиясы эң назик тарбиянын бири. Кыздын тагдыры канчалык оор болсо да анын тарбиясы менен үйрөнгөн, билгени болот. Эгер психологдун кеңешине кулак салсак:

Кыз баласын өзүмчүл кылып тарбиялабаңыз.

Эркелетип отуруп туура жолду тандоосун үйрөтүңүз.

Катачылык жасаса элдин көзүнчө кыйкырып урушунун кереги жок, өзүңүздүн кадыр-баркыңызды жоготосуз.

Өткөөл курак маалында жанында дем берип акыл айтыңыз.

Көңүлүнө катуу тийген сөздөрдү айтууну коюп, анын ордуна жакшы эне болууга үлгү болуңуз.

Акыл айтып, аңгеме куруңуз. Сизге карап бой түзөтөт.

Уктаар алдында жакшы сөз айтыңыз.

Келечекке деген ишенимин арттыруу үчүн эмгекке тартыңыз.

Мээримдүү болуу менен бирге чыдамкай болууну да үйрөтүңүз.

Сиз кызыңызга күзгүсүз кызыңыз сиздин ишиңизди кайталоочусу гана.

Кызыңызга үлгүлүү эне болуңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!