Мамлекеттик карыз 4,4 миллиард долларга жетти

11-Апр. 2018, Шаршемби, 09:55

2018-жылдын 28-февралына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички жана тышкы карыздын өлчөмү 4 млрд 402,67 млн АКШ долларын (299 млрд 760,17 млн сомду) түздү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги маалымдады.

Мамлекеттик тышкы карыз – 3 млрд 885,11 млн АКШ доллары (264 млрд 521,60 млн сом);

Мамлекеттик ички карыз – 517,56 млн АКШ доллары (35 млрд 238,57 млн сом).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!