​Бюджеттен 42,1 млрд. сом сарпталды

24-Май 2017, Шаршемби

2017-жылы республикалык бюджеттен 42,1 млрд. сом сарпталган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылы бюджеттин чыгашасы 1,6 пайызга же 648,6 млн. сомго азайган.

Мамлекеттик мекемелерден келген корголгон беренелер боюнча билдирүүлөр 100 пайызга аткарылды. Социалдык фондго которулган айлык акы, стипендия, жөлөк пул жана мамлекеттик карыздын үстөгүн жабууга кеткен чыгашалар 30,19 млрд. сомду түздү.

Ал эми корголбогон беренелер боюнча чыгашалар 94,4 пайызга канааттандырылды же 4,2 млрд. сом жумшалды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!