Бюджеттен 59,4 млрд. сом чыгымдалган

6-Июль 2017, Бейшемби

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында бюджеттен 59 млрд. 391 млн. сом чыгымдалган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, чыгымдын 28.7 пайызы бюджетте иштегендердин айлык акысына жумшалган. Социалдык фондко 17 млрд. 74 млн. сом, социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөк пулга 8 млрд.703 млн. сом, калкка социалдык жардам көргөзүүгө 3 млрд. 763 млн. сом жумшалган.

Ал эми “Курулуш жана имарат” беренеси боюча чыгым 3 млрд. 837 сомду түзгөн.

Ошондой эле мамлекеттик карызды тейлөөгө 10 млрд. 462 млн. (17,6 пайыз).

Бирдиктүү беренеси боюнча саламаттыкты сактоо тармагына 5 млрд. 236 млн. сом.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!