​Калктын каражаты көбөйдү

15-Сен. 2017, Жума, 10:58

1-сентябрга карата калктын колунда айланган каражаттын көлөмү 2,5 млрд. сомго өстү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка караганда, калктын колунда айланууда жүргөн акчанын жалпы көлөмү 88 млрд. 169,9 млн. сомго жетти. Өткөн айга салыштырмалуу 3 пайызга же 2 млрд. 509 млн. сомго өскөн. 1-августка карата 85 млрд. 661 млн. сомду камтыган болчу.

Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23,6 пайызга же 16 млрд. 843,5 млн. сомго көбөйгөн. 2016-жылдын 1 сентябрда айлануудагы акча 71 млрд. 326,4 млн. сом болгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!