Улуттук банк берген маалыматка караганда банктар аралык валюта соодасындагы доллардын курсу 0,18 пайызга төмөндөгөн, 1 доллардын орточо наркы 68,61 сомго барабар.
Евронун курсу 0,04 пайызга жогорулап, 1 евро 81,85 сомго бааланды.
Рублдин орточо наркы 0,23 пайызга жогорулап, 1 рубль 1,18 сомдон сатылууда.
Теңгенин наркы 0,24 пайызга төмөндөп, 1 теңге 0,20 сомго бааланды.