Улуттук банк берген маалыматка караганда банктар аралык валюта соодасындагы доллардын курсу 0,27 пайызга төмөндөгөн, 1 доллардын орточо наркы 68,42 сомго барабар.
Евронун курсу 0,18 пайызга төмөндөп, 1 евро 81,70 сомго бааланды.
Рублдин орточо наркы 0,43 пайызга төмөндөп, 1 рубль 1,18 сомдон сатылууда.
Теңгенин наркы 1,89 пайызга төмөндөп, 1 теңге 0,20 сомго бааланды.