​Акча которуулардын агымы өскөн

10-Окт. 2017, Шейшемби, 09:40

Август айында акча которуулардын агымы 262 млн. долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.

Маалыматка караганда, аталган сумма өткөн жылдын ушул мезгилине $225 млн салыштырмалуу, 37 млн. сомго жогору.

Ал эми июль айында сырттан келген которуулардын көлөмү 228,8 млн. долларды түзүп август айына салыштырмалуу 33,2 млн. долларга аз болгон.

Салт болгондой сырттан которулган акчанын негизги бөлүгү Россияда эмгектенген мигранттардан келген. Башкача айтканда алар 257,4 млн. доллар которушкан.

Андан кийинки орунда АКШдан которулган каражаттын көлөмү 2,1 млн. долларды камтыган.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын январь-август айларынын аралыгында 365 миң кыргызстандык жаран Россияга иштөөгө кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!