Россияда 12-октябрда 200 жана 2 миң номиналындагы жаңы банкноттор жүгүртүүгө берилди. Бул тууралуу Россияны жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка караганда, бул банкноттор октябрдын ичинде Крым, Москва жана Дальний Восток аймактарына жеткирилет. Ал эми 2017-жылдын декабрынан тарта массалык түрдө жүгүртүүгө берилет.
Бул банкноттордо Россияда алгачкы жолу QR-коду пайдаланылган