Мигрантардын акчасы 1,7 млрд. долларга жетти

15-Ноя. 2017, Шаршемби, 11:33

Быйыл чет мамлекеттерде иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардан келген акча 1 млрд. 740 млн. түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка караганда, Бул көрсөткүч өткөн жылдагыдан 274,6 млн. долларга көп. Ал эми 2017-жылы 9 ай ичинде 316,2 млн. доллар Кыргызстандан сыртка которулган. Кыргызтанга четтен которулган акчанын 90 пайызы россиядан келет.

Эскерте кетсек, 2016-жылы Кыргызстандык эмгек мигранттары 1 млрд. 991 млн. доллар которгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!