​Кыргызстанга мигранттар 2,4 млрд. доллар которгон

17-Фев. 2018, Ишемби, 12:53

Өткөн жылы чет жакта жүргөн кыргызстандык мигранттар мекенине 2 млрд. 482,2 млн. доллар которду. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстанга келген каражаттын 90 пайызын Россияда жүргөн мигранттар жөнөткөн. Башкача айтканда Россияда жүргөн мигранттар жалпы 2 млрд. 435 млн доллар болгон.

Мигранттар Кыргызстанга которгон каражаттын суммасы 2016-жылы 1 млрд. 991 млн. долларга жеткен. Ал эми 2015-жылы 1 млрд. 168 млн. долларды түзгөн.

Дүйнөлүк банктын баасы боюнча, мигранттар которгон акча Кыргызстандын ички дүң продукциясынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!