​Сом 2018-жылдын эң мыкты банкноту аталды

27-Фев. 2018, Шейшемби, 11:01

2000 сом номиналындагы эстелик банкнот Борбордук жана Чыгыш Европа, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн ичинде “2018-жылдын регионалдык эң мыкты банкноту” абройлуу эл аралык сынагынын жеңүүчүсү катары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Ошондой эле аталган сынакта сыйлыктарга Россиянын 200 жана 2000 рубль номиналындагы, Армениянын 500 драм номиналындагы, Польшанын 500 злотых номиналындагы, ошондой эле Грузиянын 5 лари номиналындагы банкноттору талапкер болгон.

Эскерте кетсек, эстелик банкнот 2017-жылдын 17-ноябрында жүгүртүүгө сунушталып, өлкө эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналып чыгарылган.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!