“Facebook” жиберген катты өчүрүү функциясы иштеп баштайт

10-Апр. 2018, Шейшемби, 10:01

Бул мүмкүндүккө баардык желе колдонучулары бир нече айдан кийин гана иш жүзүнө ашыра алышат.

Жакында “Facebook”тун башкы директору Марк Цукербергтин өзүн башка бирөөнө жиберген катты өчүрүү мүмкүндүгү менен камсыз болгону белгилүү болду. Ушул жаңылык тарагандан бир нече саат өткөндөн кийин бул функция жалпы колдонучулар үчүн да иштей тургандыгы айтылды. Тагыраак айтсак, бул өзгөрүш “Facebook” тармагында бир нече айдан кийин киргизилет.

Компания өкүлдөрү ушундайча Цукербергке ачууланып жургөндөргө жеңилдик көргөзгүсү келген сыяктуу. Бирок компания кызматкерлери бул кызмат түрүнүн кандай иштей тургандыгын так түшүндүрүшкөн эмес. Ошол себептен, бул кызмат түрү алдынкы убакта Марк Цукербергте гана иштеши таң калычтуу эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!