“iOS” оңдолгон “iPhone”дорду жарактан чыгарды

12-Апр. 2018, Бейшемби, 14:55

“IOS 11.3” системасында “iPhone” смартфондорунун экранын кулпулоого мүмкүндүк берген функциясы иштен чыкты. Аны расмий эмес борборлордун биринде оңдогондон кийин байкалды. Бул тууралуу “lenta.ru” сайты билдирет.

"Injured Gadgets” жайынынын башкы директору Аакшай Крипалани билдиргендей, смартфондордун экрандарын алмаштыргандан кийин көпчүлүк “iPhone 8”дер иштебей калганын билдирди.

Анын айтымында, компания өзү мындай "iOS 11.3” чектөөсүн киргизген. Жаңыланганга чейин телефондор иштеп жаткан. Крипалани билдиргендей, 2 миңден ашык кардар компанияны компенсация төлөп берүүсүн айтып кайрылышкан: «Кардарлар наразычылык билдиришүүдө жана “Apple” бул ыкманын жардамы менен авторизацияланбаган сервистик борборлордун ишине бөгөт коюда»-, деди ал өз сөзүндө.

Болжолдуу түрдө мунун башкы көйгөйү смартфондордун дисплейинде жабдылган чипте болушу мүмкүн. “Iphone”дун көпчүлүк бөлүктөрүн жеткирүүчүлөр бул маселе тууралуу билишет жана аны чечүүгө аракет кылышууда.

“IOS 11.0.3” сиистемасы жаңылангандан кийин бузулган смартфон ээлерине “Apple” корпорациясы расмий оңдоочу жайларга гана барып оңдотууга кеңеш беришет.

Эскерте кетсек, дал ушул сыяктуу көйгөй 2017-жылы “iPhone 7” смартфондорунда да болгон. Бирок көптөгөн нааразычылыктардан кийин компания, мүчүлүштүктөрдү оңдой турган жаңылоо киргизген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!