Цукербергтин жеке маалыматтары да “Facebook” аркылуу тараган

12-Апр. 2018, Бейшемби, 16:32

“Facebook” социалдык тармагынын башкы директору Марк Цукерберг колдонуучулардын жеке маалыматтары тууралуу конгрессте түшүндүрмө берип жатып өзү да жабыр тартканын айтты.

Аталган суроону конгрессмен Анна Эшу сурады. Ошол эле убакта, Цукербергтин даректери саясий консалтинг менен алектенген "Cambridge Analytica” компаниясы кандай алганы түшүнүксүз бойдон калууда. Цукерберг жеке маалыматтарды жыйнаган "thisisyourdigitallife” тиркемесин жүктөгөнбү же алар досторунун бири аркылуу консалтингтик компаниянын колуна түшкөнбү так маалымат жок.

Эскерте кетсек, Цукербергти 87 миллион колдонуучунун жеке маалыматтары боюнча чуулгандуу окуяга байланыштуу конгрессмендер менен сенаторларлор суракка алышты. Буга чейин компанияда айтылгандай, "thisisyourdigitallife” тиркемеси аркылуу колдонуучулардын маалыматтары алынган. Ал эми бул тиркемени жүктөгөн колдонуучуларга психологиялык портрет түзүп берүү аркылуу ишке ашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!