Жеке даректерди уурдаган экинчи “WhatsApp” пайда болду

13-Апр. 2018, Жума, 11:31

“Android” смартфондоруна зыян программа чабуул салууда. Ал “WhatsApp” көчүрмөсү болгон, колдонучулардын жеке өздөрүнө гана тиешелүү даректерди уурдайт.

Ал социалдык тармактарда “WhatsApp Plus” деген ат менен таралып жатат. Аны телефонго жүктөгөндө белгилүү бир шилтемеге басууну талап кылат. Качан гана гаджетке толук орнотулгандан кийин мессенджердин кардары болгонуна карабастан, дагы бир тиркемени орнотууга кеңеш берет.

Адистердин айтуусу боюнча, бул зыяндуу тиркеме. Ал колдонучулардын жеке даректерин алып, үчүнчү бирөөгө жеткирет. Ошондуктан, “Android” түзмөгүңүздө “WhatsApp”тын «көчүрмөсүн» көрсөңүз, дароо өчүрүп таштаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!