“Facebook”тун артынан “Apple”да чуу жаратууда

16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 13:20

Компания жаңы түзүм тууралуу маалыматтын чыгып кетишине бөгөт коюуу үчүн жаңы эреже ойлоп тапты. Азыркы түзүмдөрдүн сатылышан терс таасир бере турчу бул алар тууралуу маалыматтардын сыртка чыгып кетиши.

“Bloomberg” “Apple” компаниясынын меморандумунун текстин жарыялады, анда компания, тактап айтканда кызметкерлерден ММКна жаңы чыга турчу түзүмдөр тууралуу “бөлүшүүнү” тыюу салды. Агенттиктин маалыматы боюнча, өткөн жылы «Apple» компаниясы кызметкерлери менен жекече сүйлөшүүлөрдү өткөргөн, анда маалыматтардын чыгып кетүүсү тууралуу сөз болгон.

Андан бери ММКры, анын ичинде “Bloomberg”, “iPhone X”, жаңы “Apple TV”, “LTE” менен жаңы “Apple Watch”, “iPad”тын жаңы үлгүлөрү, программалык камсыздоону өнүктүрүү жана алдыда чыга турчу “iPhone” жана “AirPods” наушниктери тууралуу толук маалыматтар гана жарыяланды.

Ушундайча, 2017-жылы “Apple” меморандум текстине шайкеш, 29 кызметкер маалыматтын чыгып кетишине күүнөөлүү болушту. Алар жумуштан айдалып, 12 адам кармалган.

Компания жаңы аппарат тууралуу маалыматтын чыгып кетиши азыркы учурдагы модельдердин сатылышына терс таасир тийгизиши мүмкүн деп эсептейт. Ал эми атаандаштардын жооп берүүсүнө көбүрөөк убакыт кетет. Мындан улам атаандаштардын жаңы түзүм чыкканда, аларга аз пайда алып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!