Адам ден соолугу IT технологиянын колунда болот

18-Апр. 2018, Шаршемби, 10:03

Жакында «Apple» компаниясы өзүнүн кызметкерлери менен алардын жакындарына арналган медико-санитардык кызмат көрсөтүүчү медициналык клиникалар долбоорун жасады. Бул идеяны “Amazon”, “J.P. Morgan Berkshire Hathaway” сыяктуу башка дагы ири компаниялар колго алышып, өнүктүрүп жатканы айтылууда. Бул тууралуу “BBC” агенттиги билдирет.

АКШда жыл сайын жумушчулардын ооруп калуусунун себебинен компаниялар 260 миллиард долларга өндүрүшүн жоготуп келишет. Ушуга карата америкалык компаниялар ооруну алдын-алуу маселесин караштыруучу медицинаны өнүктүрүүнү көздөп жатат.

Мындай медицина адамдын организмине мониторинг жасап, генетикалык жактан медицинанын негизги багыты болуп жатат. Көптөгөн адистер онлайн медицинанын артыкчылыктары көп деп эсептешет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!