“Amazon” мобилдик браузер чыгарды

20-Апр. 2018, Жума, 14:32

“Amazon” интернет-дүкөнү интернеттеги өз мобилдик браузерин чыгарды. “AIN”дин маалыматы боюнча, “Amazon” тиркеменин ишке кошуу тууралуу жарыялаган жок, бирок аны март айынан баштап көчүрүүгө мүмкүн эле.

“Internet” браузери “Android” смартфондору үчүн жеткиликтүү жана азырынча Индияда гана колдонууга мүмкүн. Жалпысынан ал башка мобилдик браузерлерге окшош.

«Internet»тин салмагы болгону 2 Мб, ал эми “Chrome” (21 МБ), “Firefox” (19,9 МБ), “Opera” (14,7 МБ) жана “Edge” (54,5 Мб) салыштырмалуу аз жана браузер кошумча уруксаттарды сурабайт. Аналогдордон айырмачылыгы бардык колдонуучулардын жеке даректерин жыйнабайт.

Эскерте кетсек, март айында “Amazon” баасы 768,04 млрд долларды түзгөн. Ал тарыхта капиталдык жактан биринчи жолу “Google”га ээлик кылган “Alphabet Inc.” холдингин (761,42 миллиард доллар) басып өтүп экинчи орунду ээледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!