“Telegram"ды жабуу 2 млрд доллар чыгым алып келет

27-Апр. 2018, Жума, 10:45

Россия бийлиги “Telegram” мессенджерин жаап салуусунун кесепетинен бизнес болжол менен 2 млрд долларлык чыгымга батышы мүмкүн. Анын жарымын жыл аягына чейин Россия компаниялары жоготсо, “Amazon” жана “Google” миллиард долларлык чыгымга учурашы ыктымал.

Бул тууралуу “Flexbby” софт даярдоочу компаниясынын башкы директору Андрей Проковьевтин интернет-омбудсмен Дмитрий Мариничевке жазган катында айтылган деп кабарлайт "Коммерсантъ" басылмасы.

"Абалдын пессимистик сценарийи ушундайча ырбашы мүмкүн", — деп жазат Прокофьев. Ушундай болсо, "Ростелеком", Mail.ru Group, "Яндекс" жана “Microsoft” утушка ээ болот.

“Flexbby” башчысынын билдирүүсү боюнча, "Россия бизнесинин өтө маанилүү сервистерин бир жактуу жабуусуна" жол бербей турган чечимдерди кабыл алуусу кажет. Анын маалыматы боюнча, Россияда “Google” жана “Amazon” колдонгон 400гө жакын уюм зыян чекти.

Мунун алдында Илимий кызматкерлер коомундагы Россия премьери Дмитрий Медведевке кайрылуу жолдоп, "Роскомнадзордун зыянду аракеттерин токтотуусун” талап кылган. Алардын пикири боюнча, агенттиктин кызматкерлери келтирген чыгымга жооп берүүсү тийиш.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!