Роскомнадзор “Telegram”ды жаба албай жатканын билдирди

28-Апр. 2018, Ишемби, 16:53

“IP” дарегин кара тизмеге киргизүү аркылуу “Telegram” тиркемесин жаап салуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу россиялык интернет-омбудсмен Дмитрий Мариничев “РИА Новости” маалымат булагына берген маегинде билдирди.

Ал аталган тиркемени жабуу механизминин туура иштебей жатканын айтып, жакынкы убакта сервис менен эмес, контент авторлору менен күрөшүү жүргүзүүнү сунуштады. Мариничевтин айтуусу боюнча, жаап салуу процесси узакка созулушу мүмкүн.

Интернет-омбудсмендин билдирүүсү боюнча, “Telegram” өзүнүн программасын кайра жаңылап, Роскомнадзордун чектөөлөрүн буйтап өтүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!