Илон Маск “Tesla”нын төрагалыгынан кетеби?

2-Май 2018, Шаршемби, 10:55

Илон Маск “Tesla” компаниясынан кетиши мүмкүн. Бул тууралуу “tengrinews.kz” порталы билдирет.

Порталдын маалыматы боюнча, “Tesla” компаниясынын негизги акционери Маск бир нече компаниянын башчы кызматын катары менен алып кете албай турганын жана анын өтө кыйын экенин айткан.

"Tesla акционери Цзин Чжао компаниянын директорлор кеңешине Илон Маскты төрагалык ордунан көз карандысыз директор кызматына алмаштырууну сунуштаган. Чжаонун билдирүүсү боюнча, алдыңкы убакта Маск “Tesla” компаниясына пайда алып келе албайт", - делет билдирүүдө.

Акционердин оюу боюнча, төрагалык менен директордун кызматын катары менен алып жүрүү башында жакшы идея болгон, бирок азыр андай эмес. Билдирүүдө, “SpaceX” жана “The Boring Company” компанияларындагы жумушунан Масктын колу бошобой жаткан, ошондуктан анын көз карандысыз директор болгону оң.

"Директорлор кеңешинин өкүлдөрү Цзин Чжаонун пикири менен келишишкен эмес. Алардын айтуусу боюнча, Маск кеңештин төрөгасы да, компаниянын башчысы да боло алат", - делинген билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Илон Маск “Tesla” директорлор кеңешин 2004-жылдан бери башкарып келет. Анын четтетилиши тууралуу талкууланчу акционерлердин жыйналышы май айында өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!