Эми “Facebook”тагы тарыхты өчүрүүгө болот

2-Май 2018, Шаршемби, 12:04

Жаңыртылган “Facebook” тиркемесинде колдонуучунун баардык аракеттерин жана көргөн маалыматтарынын тарыхын өчүрө турган функция ишке кирмекчи.

“Facebook” «тарыхты өчүрүү» конфиденциалдуу мониторингдин жаңы функциясын киргизүү тууралуу талкуулайт. Бул тууралу дүйнөлүк желенин негиздөөчүсү өзүнүн “Facebook” баракчасында 1-май күнү кабарлады.

«Биздин веб-браузерде сиз “cookies” файлдары менен чогулуп калган маалымат тарыхын тазалоонун оңой жолу бар. Көптөгөн сайттар үчүн “cookies” менен иштөөгө муктаж, бирок сиз каалаган убакта өзүңүздүн тарыхыңызды өчүрө аласыз», - деп жазган Марк Цукерберг баракчасында.

Цукерберг колдонуучулар "cookies” файлдарын сактоо функциясын жана каралган маалыматтарындын тарыхын өчүрүп коё алышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!