“Twitter” сыр сөздү алмаштырууга кеңеш берет

5-Май 2018, Ишемби, 13:59

“Twitter” маалымат сактоо системасында орун алган катачылыктын кесепетинен микроблогтор желесинин бардык колдонуучуларга системага кирүүдөгү сыр сөздү өзгөртүүгө кеңеш беришет. Бул жөнүндө компаниянын расмий блогунда маалымат жарыяланды деп билдирет “Корреспондет” сайты.

Компания жеке маалыматтарды коргоо системасындагы катачылыктарды аныктаган. Бирок ал катачылыкты алдын алуу чаралары кабыл алынганы айтылууда.

“Жакында биз бул сыр сөздөр ички журналда өзгөрбөгөн түрдө сакталганын аныктадык. Биз ал катаны оңдодук жана изилдөө көрсөткөндөй, анын кесепетинен кандайдыр бир баракча мыйзамсыз кирүү же бузулуулар орун алган жок», - деп жазылган компаниянын маалымдамасында.

Эсеп жазмасынын коопсуздандыруу максатында “Twitter” менен окшош сыр сөз колдонгон башка сервистердеги кирүү сыр сөзүн өзгөртүүнү сунуштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!