Ушул айда “Toyota Camry 60” сатыкка чыгат

29-Март 2017, Шаршемби

«Toyota» маркасындагы темир тулпардын сүйүүчүлөрү үчүн жакшы жаңылык. “Toyota Camry 60” өндүрүштөн колдонууга чыгарылды. Компаниянын адистеринин айтуусу боюнча: «Toyota Camry 60” – 2017 жылдын эң башкы унаасы деп гана айтылып калбай, баардык унаалардын көч башчысы болуп калат. “Toyota Camry 60” мурунку үлгүдөгү унааларга караганда жаңыдан кураштырылды. Анын сырткы жасалгасында көп өзгөрүүлөр бар.

Мисалы,узундугу 4,5 сантиметрге чейин узартылып, дөңгөлөгүнүн көлөмү 1 сантиметрге чоңойтулган. Хром жалатылып, «Toyota» белгиси менен алдыңкы бампери унаага өзгөчө көрк берип турат. Төмөнкү жагында торлонгон жел өткөзгүч орноштурулган. Бул эң негизги өзгөрүүлөрдүн бири болуп саналат.

“Toyota Camry” нин ички көрүнүшүндө көп өзгөрүү байкалбаса да кээ бир заттар жаңылаштырылган. Эң негизгиси баардыгы жогорку сапатта жасалгаланган. Мультимедиасы 7 дюмалуу сенсорлуу экран менен жабдылган. Ошону менен бирге 4 дюмалуу навигацияга арналган экранды да көрүүгө болот. Гаджетти сүйүүчүлөр үчүн жаңылык, “ОС Андроид”деги WiFi мен Bluetooth да орун алган

Базарга “Toyota Camry 60” унаасынын бир нече үлгүдөгү түрү чыгат. Алар 4 цилиндрлүү күйүүчү май козгогучу 2,4 литр менен, 180 аттын күчүнө туура келет. 6 цилиндрлүү күйүүчү май 3,5 литр менен 270 ат күчүнө барабар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!